• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМ Академиясында үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча кеңешме өттү

Коом 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Академиясында Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча алгачкы чараларын жана милициянын көчмө кабылдамаларын координациялоо жөнүндө өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кеңешменин негизги максаты болуп үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу багытында өз убагында чараларды көрүү жана андай фактылар орун алган болгон учурларда ал кырдаалды чечүү боюнча натыйжалууу чечимдерди кабыл алуу тууралуу жогоруда аталган бөлүмдүн өнүгүү жөнүндө стратегиясын иштеп чыгуу болуп саналат.

"Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алууда алгачкы кадамдарды бири – зомбулуктан жабырлануучуну аныктоо жана ыйгарым укуктуу кызматкерлерди окутууга көңүл бурулат", - деп айтылат маалыматта.

Аталган кеңешмеге ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары, ИИМдин Академиясынын жана Республикалык окуу борборунун жетекчилиги, ошондой эле коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча мыйзамдык, уюштуруучулук жана практикалык чаралары, ошондой эле мындан ары биргеликтеги аракеттер талкууланды.

Жолугушуунун катышуучулары үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү биздин өлкөдө гана эмес, бүткүл дүйнөлүк коомчулук үчүн да актуалдуу деген тыянакка келишти. Кадыр-барктуу үй-бүлө делген имиджи бар болгондордун арасында да көптөгөн латенттик зомбулук орун алат.

Белгиленгендей, мындай фактыларды аныктоо көп учурда зордук-зомбулуктан жабыркаган адам үй-бүлөнүн аброюна шек келтирүүдөн коркуп, мамлекеттик органдарга эле эмес, досторунан жана туугандарынан да жардам сураганга батына албаганы менен татаалдашат.

Пикир

Оставить комментарий