• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ Академиясында өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын көйгөйлүү маселелери талкууланды

Коом 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-майда Ички иштер министрлигинин Академиясында административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасы тарабынан «Кыргызстанда жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуудагы көйгөйлүү маселелер» аттуу тегерек стол өткөрүлдү.

Маалыматка ылайык, тегерек столго ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын, Билим берүү жана илим министрлигинин, «Балдардын укугун коргоо» коомдук фондунун өкүлдөрү, РИИБнын башчыларынын орун басарлары жана ИИМ Академиясынын профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Тегерек стол Кыргызстанда жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуунун заманбап көйгөйлөрүнө арналып, анын максаты - илимий изилдөөлөрдүн маалыматтарын жана укук колдонуу практикасын жалпылоонун негизинде бул көйгөйлөр боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болуп саналат.

Тегерек столдун жүрүшүндө алынган маалыматтар жаш окумуштуулар үчүн да, кызматкерлер үчүн да пайдалуу болмокчу.

Пикир

Оставить комментарий