• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ Академиясында сууга агып бара жаткан кызды куткаргандар сыйланды

Коом 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 17-июнь күнү Ички иштер министринин атынан ИИМ Академиясынын начальнигинин орун басары, милициянын полковниги Касымбаев Ильяс Талипович “Аламүдүн-1” кичирайонундагы каналда катуу ылдамдыкта аккан суудан агып бара жаткан кызды куткарышкан Бишкек шаарынын тургунуна, ИИМ Академиясынын кызматкерине жана курсанттарына сыйлык тапшырды. Бул тууралуу ИИМ Академиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР Ички иштер министринин буйругу менен Залкарбек Сулайманов жана ИИМ Академиясынын кызматкери, милициянын прапорщиги Мелис Осеков “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалы, ал эми Академиянын курсанттары Бекбол Молдосанов, Марсель Тынчтык уулу жана Байсеит Акматов “Ардак грамоталар” менен сыйланышты.

Академиянын начальнигинин орун басары, милициянын полковниги Ильяс Касымбаев сыйлыктарды тапшырып жатып, Бишкек шаарынын тургуну Зарылбек Сулайманов, Академиянын кызматкери жана курсанттары оор жана кооптуу абалда чыныгы мыкты жигиттик сапаттарын көрсөтүшкөнүн баса белгилеп, кайдыгер эмес жарандардын жана кызматтык милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылган милиция кызматкеринин, курсанттардын ыкчам аракетинин натыйжасында мектеп окуучусу куткарылганын белгилеп, ИИМдин жана ИИМ Академиясынын жетекчилигинин атынан ыраазычылыгын билдирди.

Эске салсак, окуя 10-июнда "Аламүдүн-1" кичи районунда болгон. Ч.Валиханов көчөсүндөгү тез аккан сууда өспүрүм кыздын агып келе жатканын жолдо унаа айдап бара жаткан З. Сулайманов менен ИИМдин Академиясынын кызматкери жана курсанттары көрүп калышып, кызды суудан ыкчам куткаруу аракеттерин өз убагында көрүшүп, ийгиликтүү куткарып алышкан, жеринде биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий