• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ академиясынын курсанттары үчүн укук бузуулардын алдын алуу боюнча окутуулар өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин академиясынын курсанттары үчүн укук бузуулардын алдын алуу боюнча окутуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 22-декабрдан 24-декабрга чейин Ички иштер министрлигинин академиясынын 3-курсунун курсанттары жана 4-курсунун студенттери үчүн «Криминология» предмети боюнча билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана теориялык материалдарды бекитүү максатында КР ИИМдин Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборунун базасында «Жашы жете электердин арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана криминологиялык мүнөздөмөлөр» деген темада практикалык окуулар өткөрүлдү.

Кызматкерлер борбордун ишмердүүлүгү менен тааныштырып, видеотасмалар көрсөтүлдү. Жолугушуу ачык талкуу түрүндө өтүп, анын жүрүшүндө курсанттар жана студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун беришип, аларга квалификациялуу жооптор алынды.

Иш-чаранын соңунда борбордун аймагына экскурсия уюштурулду. Жалпысынан ИИМдин академиясынын 7 окуу тобу болуп, 100гө жакын адам катышты.

Пикир

Оставить комментарий