• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ Академиясынын курсанттары «Кыргызстан-Азия—2021» V студенттер форумуна катышты

Билим 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 15-18-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда «Кыргызстан-Азия—2021» V студенттер форуму болуп өттү. Бул тууралуу ИИМ Академиясынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага жалпысынан 25 жогорку окуу жайдын студенттери жана делегаттары катышып, 200дөн ашык доклад окулган. Алардын ичинде ИИМдин Академиясынын курсанттары, студенттери да бар. Аларды коомдук-саясий сабактар кафедрасынын окутуучусу, милициянын улук лейтенанты Алымбек уулу Медет жетектеп барган.

V студенттер форумунун алкагында илимий конференциялар жана практикалык иш-чаралар өткөрүлүп, студенттер арасында илимий тажрыйба алмашуу гана эмес, эл аралык достукту бекемдөө максатында ар кандай маданий иш-чаралар дагы уюштурулду.

Аталган иш-чарада ИИМдин Академиясынын курсанттары, студенттери жакшы көрсөткүчтөргө ээ болушту.

Пикир

Оставить комментарий