• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ Академиясынын кызматкерлери Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Эл аралык карылар күнү менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. ИИМ Академиясынын кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Эл аралык карылар күнү менен куттуктады.

Академиянын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата жыл сайын аталган кызматтын кызматкерлери улгайган адамдарды куттуктап турушат.

"Быйыл да бул майрамга карата Бишкек шаарынын Свердлов районунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине акчалай жардам көрсөтүлдү. Биздин кызматкерлер аларга белектер менен барып, батасын алышты", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Эл аралык карылар күнү 1-октябрда белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий