• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте милиция өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. Республикада өспүрүмдөр арасында болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн (мектеп окуучуларынын арасындагы массалык мушташтар, суицид, жол эрежелерин сактабоо), ошондой эле мектептерде билим алуу онлайн режимине өткөндүгүнө байланыштуу окуучулардын өз ара мамилелеринде кыйынчылыктарга туш болуп жаткандыктарына байланыштуу Ички иште министрлигинин Академиясы шефтикке алган мектептер менен кылмыштуулукту, укук бузууларды болтурбоо жана алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Академиянын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын №72 мектеп-гимназиясынын жогорку класстарынын окуучуларына Кылмыш жаза жана кылмыштарды алдын алуу кафедрасынын доценти, милициянын подполковниги Б. Жеңишов, Жарандык укуктар сабактар кафедрасынын профессору, милициянын подполковниги Л. Момуналиева жана автодаярдык борборунун улук инспектору милициянын улук лейтенанты Т.Мадалиев лекцияларды окушуп, анда ар түрдүү кылмыштарды жасагандыгы үчүн жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жоопкерчилиги боюнча, интернет социалдык тармактарын пайдалануу менен жашы жете электерге карата жасалган кылмыштарга каршы аракеттенүү, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктары жана аларды кантип коргоо керектиги жөнүндө, ошондой эле коомдук жайларда, көчөлөрдө коопсуз жүрүм-турум эрежелери тууралуу кенен айтып беришти.

Андан тышкары, жолдо жүрүү эрежелери боюнча атайын видеокөрсөтмөлөр менен сабак өтүлдү.

ИИМдин Академиясынын Коомдук саясий сабактар кафедрасынын начальниги, юридика илиминин кандидаты, милициянын полковниги Ч. Кадырова Ысык-Ата району боюнча кесиптик багыт берүү ишмердүүлүгүнүн алкагында, акыркы убакта коомдо резонанас жараткан Айзада Канатбекованын кайгылуу өлүмүнө байланыштуу, бир катар орто мектептердин бүтүрүүчү класстарынын окуучуларына “Ала качуу салтпы же кылмышпы?” темасында, ошондой эле “Интернет сайттары аркылуу жаштарды манипуляциялоо жана интернетке көз карандылыктын заяны” аттуу лекцияларды окуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.


Пикир

Оставить комментарий