• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Алдамчылыкка шектелип мурда 4 жолу соттолгон УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Алдамчылык иш аракети менен олуттуу материалдык зыян келтирген жаран кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын февраль айында жаран пластикалык терезелерди жана эшиктерди орнотууга байланышкан курулуш иштерин сапаттуу жасап берем деген шылтоо менен ири суммадагы акча каражатын алдап алып кеткен. Ал 4 400 АКШ долларын жана "Даймлер Крайслер S320" үлгүсүндөгү автоунааны алдын ала төлөм катары алып, изин жашырып кеткен.

2021-жылы алдамчылык аракеттеринен жабыр тарткан жаран милицияга кайрылган. Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө баштаган.

Ыкчам-иликтөө иш-чаралары менен ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери алектене баштаган. Шектүү боюнча ыкчам маалымат алынып,
бул кылмыш ишине мурда бир нече жолу соттолгон Чүй облусунун Токмок шаарынын жашоочусунун тиешеси бардыгы аныкталган.

2021-жылдын март айында ИИМ КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери мурда төрт жолу соттолгон, уюшкан
кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 1980-жылы туулган М.А. аттуу жаранды кармашты.

Кармалган жаран тергөө органдарына жеткирилди. Иликтөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий