• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМ: Ардагерлер арасында сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды — тизме

Коом 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Ардагерлер арасында сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды, - деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлиги менен биргеликте иш алып барууда, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту камсыз кылууда кошкон зор салымдары үчүн 2021-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругу чыккан. Ал буйрукка ылайык, 2020-жылдагы кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча, ардагерлер арасында сынактын мыктылары аныкталып, коллегиянын жүрүшүндө сыйланды.

“Кыргыз Республикасынын ИИОнун “Эң мыкты ардагерлер кеңеши” сынагынын жеңүүчүсү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин ардагерлер кеңеши аныкталды, төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Жоошбаев Султанбек Жоошбаевич.

Андан сырткары, “ИИОнун мыкты ардагерлер кеңеши ” сынагынын жеңүүчүлөрү номинациясынын жеңүүчүлөрү:

• Чүй ОИИББнин ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Асанов Ашыркул Рыспекович;
• Ош ОИИБнин ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Боркошев Токтосун Толубаевич;
• ИИМдин Ыкчам кызматтарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Джаныбаев Джамбулбай Казакбаевич;
• ИИМдин Финансы-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгынын ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Джеентаев Бакытбек Аблабекович;
«Кыргыз Республикасынын ИИМдин "Татыктуу Ардагерлер кеңеши» сынагынын жеңүүчүлөрү:
• Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын подполковниги Бегалиев Айтбек Аблаевич;
• Жалал-Абад ОИИБнын Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Исаков Капарбек Усенович;
• Ош ШИИБнин Ардагерлер Кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Кадыров Касым Жолдошович;
• Кыргыз Республикасынын ИИМдин 7 башкы башкармалыгын ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Абдылдаева Клара Ильсовна;
• Талас ОИИБнин ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Жамангараев Кулчоро Керкебаевич;
• Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Абдуллаева Гульбар Турдаджиевна

Пикир

Оставить комментарий