• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ ардагерлери КРде жол кырсыгынын санын азайтуунун үч жолун сунушташты

Коом 0


Бишкек, 04.12.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. КР Ички иштер министрлигинин ардагерлери КРги жол кырсыгынын санын азайтуунун үч жолун сунушташты. Алар – өлкөнүн бардык мекемелерине жол кыймылынын эрежелерин окутуу жана кечинде алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыяюу салуу, ошондой эле, унааларга милиция тарабынан техникалык көзөмөл жүргүзүүнү кайтаруу.

“Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында ИИМ ардагерлери билдиргендей, көбүнчөсү жол кырсыктары кырсыктын катышуучуларынын өздөрүнүн айынан болот: айдоочу жана жөө жүргүнчү жол эрежелерин сактабайт. Ошого байланыштуу алар бардык жарандарды жол кыймылы учурунда жоопкерчиликтүү болууга чакырышат.

“Акыркы кезде жол кырсыгынан каза болгондордун саны өсүүдө, ага байланыштуу биз ИИМдин ардагерлерин чакырттык. Негизинен жол кыймылынын эрежесин биз өзүбүз бузабыз. Ошондуктан бул маселеге комплекстүү түрдө киришип, жол кыймылы эрежеси тууралуу окута баштоо керек. Бала бакчадан тарта ЖОЖдо жана башка мекемелерде”,-деп билдирди милициянын полковниги, КР ИИМнин ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев.

Ал кошумчалагандай, совет мезгилинде кечки саат жетиден өткөндөн кийин алкоголук ичимдик сатып алууга мүмкүн эмес болгон жана ал көчөдө мас жүргөн бейбаштардын санын азайтууга жардам берчү.

Анын ою боюнча, мындай системаны кайрадан киргизсе, мас абалында унаа башкарып, жол кырсыгына кабылган айдоочулардын саны кыскармак.

Пикир

Оставить комментарий