• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнө карата баңгизаттарды алдын алуу боюнча жолугушуулар башталды

Коом 0

Бишкек, 02.12.20. /Кабар/. 1-декабрь - Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнүн алкагында баңгизаттарды алдын алуу боюнча жолугушуулар кербени муниципалдык аймактык башкармалыктардын, кварталдык турак-жай комитеттердин өкүлдөрүнүн, жаш өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекторлордун арасында башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь районунун администрациясынын базасында болуп өттү. Мындан ары буга окшогон иш-чаралар борбор калаанын аймактык администрацияларынын бардыгында өткөрүлмөкчү.

Октябрь райондук администрация башчысы Д. Арпачиев жана Октябрь райондук администрация башчысынын биринчи орун басары К.Айтакуновдор саламдашуу сөзү менен чыгып сүйлөштү.

Кезегинде ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери катышуучуларды калк арасындагы баңгизаттарды колдонуу тенденциясынын өзгөрүүсү, ошондой эле алдын алуу мүнөзүндөгү иштерди өткөрүүгө зарыл болгон чаралар тууралуу маалымат менен тааныштырышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө көптөгөн катышуучулар баңгичиликти алдын алуу чөйрөсүндөгү буга окшогон биргелешкен иш-чараларды өткөрүү зарылдыгы жана маанилүүлүгү туурасында айтып кетишти.

Иш-чаранын аягында Октябрь райондук администрация башчысынын биринчи орун басары К. Айтакунов катышуучуларды бул багыттагы иштерди өткөрүүгө олуттуу мамиле кылууга чакырды.

Аталган иш-чара ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте уюштурган.

Пикир

Оставить комментарий