• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Баңгизатты мыйзамсыз даярдоо жана аны таратууга тиешеси бар адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.08.20. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо жана аны таратууга тиешеси бар шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМ БМЖКККнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган кызматтын кызматкерлери баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо жана аны таратууга байланышкан кылмыш ишин катташкан. Анын негизинде баңги каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү мыйзамсыз өстүрүү менен алектенген жарандардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча операцияны ийгиликтүү жүргүзүшкөн.

"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында атайын тергөө жана издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Бишкек шаарында жайгашкан үйлөрдүн биринен өсүмдүк жана жарым синтетикалык өнүмдөгү заттар табылып алынган: кара куурай, марихуана, героин. Андан сырткары, чегүү жабдыктары мундштуктар, кальян, жана шприцтер табылган. Табылып алынган баңги каражаттарынын жалпы салмагы 4 килограмм 686 граммды түзөт. Шектүү катары шаардын тургуну кармалды.", - деп айтылат маалыматта.

Тергөө иш-чаралары жүрүүдө. Тиешелүү экспертизалар жүргүзүлдү.

Азыркы учурда жогорудагы кылмыштуу ишмердүүлүккө тиешеси бар башка жарандардын өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча атайын тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий