• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Баласын аёсуз сабаган жарандын иш-аракетине юридикалык баа берилет

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Москвада өзүнүн баласын аёсуз сабаган Ж.Э., аттуу КР жаранынын иш-аракетине юридикалык баа берүү үчүн текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 17-апрель күнү бир катар социалдык тармактарда Москвада кыргыз жараны батиринде өзүнүн жашы жете элек баласына зомбулук көрсөткөн видео тарап, ал коомчулук тарабынан кызуу талкуу жараткан.

Бул боюнча ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн соң, видеодогу адамдын өздүгү такталган. Ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1985-жылы туулган Ж.Э., аттуу тургуну экендиги аныкталган. Жубайы 1987-жылы туулган Ж.Ж. экендиги такталды.

Ошондой эле иликтөөнүн жүрүшүндө ал үй-бүлөсү менен бирге 2019-жылдын 16-октябрында Россия Федерциясына учуп кетишкендиги жана учурда Москва шаарында жашап жаткандыгы маалым болгон. Андан сырткары, Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан Москва шаары боюнча кылмыш иликтөө башкармалыгына, аймактык бөлүмдөрүнө жогоруда көрсөтүлгөн жаранга карата РФнын мыйзамына ылайык чара көрүү боюнча кат жөнөтүлүп, Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаарынын Кунцево району боюнча бөлүмүнө аталган факты катталган.

"Окуя 16-апрелде болжол менен саат 11:00дө болгон. Аны баласын сабаган жарандын жубайы видеого тартып, WhatsApp тиркемеси аркылуу атасына жөнөткөн. Атасы болсо ошол эле тиркеме аркылуу туугандарына жөнөтүп коюп, видео интернет желесине тарап кеткен. Аталган үй-бүлө үч баланы тарбиялайт жана дагы наристе күтүп жатышкандыгы маалым болду", - деп билдиришти ИИМден.

Учурда видеодогу жарандын иш-аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн тиешелүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий