• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: "Балдардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги" аттуу китеп жарык көрдү

Коом 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги милиционер айымдарынын ассоциациясы менен биргеликте Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин колдоосунда даярдалган "Балдардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери" аттуу китепче жарык көрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Бул китепчеде балдардын укуктары, кызыкчылыктары жана аларды коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары камтылган.

Ошондой эле, Конвенциянын ченемдеринен өсүп келе жаткан муундардын кызыкчылыктарын коргоочу иллюстрациялар менен көрсөтүлгөн.

"Аталган китепчени иштеп чыгаруунун негизги максаты оор турмуш жагдайларына кабылган жашы жете электерге жана алардын ата-энелерине, ошондой эле жашы жете элек балдар менен иштөө боюнча инспекторлордун ишине жардам көрсөтүү болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

ИИМ укуктуу мамлекетте өсүп келе жаткан муундардын кызыкчылыктары биринчи орунда турарын, себеби балдардын укуктары бул адамдын укуктары экенин белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий