• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ балдарга карата зордук-зомбулук фактылары тууралуу кабар берүүгө чакырат

Коом 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин өспүрүмдөр иши боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Абдрахманов Бишкекте өтүп жаткан тегерек столдун алкагында балдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулук фактылары жөнүндө кабар берүүгө чакырды.

Эгерде балдарга карата көрсөтүлүп жаткан катаал мамиле, зордук-зомбулукка күбө болсоңуз, анда 102 же 111 ишеним телефондоруна чалып, кабар берсеңиз болот.

“Ар бир факт текшерилет. Бир телефон чалуу кимдир-бирөөнүн өмүрүн сактап калышы мүмкүн. Биз ата-энелерди өз балдарынын жашоосу тууралуу кабардар болуп, аны тарбиялоого чакырабыз”, - дейт Абдрахманов.

Пикир

Оставить комментарий