• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ башчысы коомдо резонанс жараткан кылмыштардын бетин ачуу боюнча тапшырмаларды берди

Коом 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков 22-февралда коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө иштерди күчөтүү, милициянын көчмө кабылдамаларынын иши жана ыкчам кызматтык ишмердигинин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылышы боюнча ИИОнун бардык бөлүктөрүн камтыган онлайн кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын жетекчилери катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, онлайн кеңешме учурунда өлкөнүн бардык аймагында коомдук коопсуздукту бекемдөө жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча тапшырмалар коюлду. "ИИМ башчысы коомдук тартип сактоонун бардык жагдайларына токтолду. Коомдо резонанс жараткан кылмыштардын бетин ачуу, иликтөө, кылмыштар жана жоруктар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин мыйзам чегинде тергөө, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү бардык багыттар боюнча ыкчам-иликтөөлөрдү улантуу тапшырмаларын койду. Милициянын көчмө кабылдамаларынын ишин күчөтүү, жер-жерлерден ИИОнун башчылары түздөн-түз өздөрү катышып, элдин суроо талаптарын угуп, аны өз убагында чечүү маселелерин күчөтүүнү талап кылды. Ошондой эле, ички иштер органдарынын ишин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруудагы басма сөз кызматтарынын ишмердүүлүгү дагы каралды",-деп айтылат маалыматта..

“Биз коомдук тартипти, жарандардын жана коомдун коопсуздугун камсыздоо багытын күчөтүүбүз керек. Милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо багытында профилактикалык иштерди күчөтүүсү зарыл. Катталган кылмыштардын жана жоруктардын бетин ачуу, анын ичинде оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча иштерди сапаттуу жүргүзүү жана өз убагында сот органдарына жиберүү керек. Милициянын көчмө кабылдамалары мал базар күндөрү Кыргызстандын мал базарларында да өз ишмердүүлүгүн жүргүзүшү керек. Мал уурулуктун алдын алуу, мал базарлардагы ар кандай укук бузууларга жол бербөө, ыкчам иштерди жүргүзүү, мал уурулуктардын бетин ачуу иш-чараларын күчөтүүсү керектигин баса белгилеймин ”,- деди Улан Ниязбеков

ИИМ онлайн кеңешмени коомдук тартип чөйрөсүндөгү маанилүү маселелерди талкулоо жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн убакты шартына жараша өткөрүп турат.

Аталган онлайн кеңешменин жыйынтыгы менен да милициянын мындан аркы ишмердүүлүгүнө байланыштуу кошумча иш пландар иштелип жана аны иш жүзүнө ашыруу боюнча уюштуруучулук чечимдер кабыл алынат.



Пикир

Оставить комментарий