• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ башчысы “Азия Ньюс” гезитинен өндүрүлгөн 300 миң сомду Красноречкадагы балдар үйүнө которот - жактоочу

Коом 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев “Азия Ньюс” гезитинен өндүрүлгөн 300 миң сомду Красноречкадагы балдар үйүнө которот. Бул тууралуу министрдин жактоочусу Мирлан Насыров маалымдайт.

"Баарыңыздарга маалым болгондой, ички иштер министри К. Жунушалиев ар намысын жана абийирин, андан сырткары, кызматтык репутациясын “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору А. Сартбаевден коргоо үчүн сотко кайрылган. 2019-жылдын 29-октябрь күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Жнушалиевдин пайдасына сураныч кылып жөнөткөн арызын четинен канаттандырып, гезиттин башкы редактору А.Н. Сартбаевди 1 млн сом акча каражатын төлөөгө милденттендирген.

Ошондой эле 2020-жылдын 26-февраль күнү Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын чечими менен Жунушалиевдин пайдасына “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору А.Н. Сартбаевди 300 миң сом төлөөгө милдеттендирген.

Андан сырткары, бүгүн 2020-жылдын 23-сентябрь күнү Жогорку соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын токтому менен 2020-жылдын 26-февраль күнүндөгү Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын чечимин күчүндө калтырды. Чечим жыйынтыктоочу болуп саналгандыктан, кайрадан арыз-доо менен кайрылууга болбойт.

Мен, аталган иш боюнча жактоочусу катары расмий билдирем, “Азия Ньюс” гезитинен өндүрүлгөн 300 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты Красноречкадагы балдар үйүнө которулат", - дейт Мирлан Насыров.

Пикир

Оставить комментарий