• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ башчысы Чолпон-Атадагы милициянын туристтик мезгилге даярдыгын текшерди

Аймак 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл облусунун ички иштер органдарынын өздүк курамынын катышуусунда гарнизондук саптык кароо өттү. Бул туралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов, Ысык-Көл облустук милициясынын башчысы Канат Жумагазиев, Ысык-Көл облусунун башчысы Мирбек Кожоев, элдик кошуундун мүчөлөрү катышты.

“2021-жылга карата жайкы туристтик мезгилге даярдануу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын” аткаруу үчүн ИИМ жана анын аймактык бөлүктөрү жер-жерлерде жайкы туристтик мезгилинде жарандардын коопсуздукту, коомдук тартипти камсыздоого багытталган бир катар уюштуруучулук жана практикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө.

“Бүгүнкү гарнизондук бөлүштүрүүнүн эң башкы максаты - жайкы туристтик мезгил учурунда өлкөбүздүн жалпы аймагында коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу болуп эсептелет", - деди өз сөзүндө Ниязбеков.

КР ИИМдин тиешелүү кызматтары азыркы учурда Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн ишеним номурлары жана ыкчам жардамдын номурлары, туристтердин укуктары, мамлекеттик органдардын ыйгарымдары, туристтерге зарыл боло турган тиешелүү кызматтардын номурлары, өлкө аймагында жол кыймыл эрежелерин бузгандыгы үчүн каралган жоопкерчиликтерди камтыган маалыматтары бар атайын материалдар даярдалды. Бул плакаттар чет өлкөлүк туристтердин жана коноктордун Кыргызстандын аймагына кирип жаткандагы негизги пункттарына орнотулат.

Күч каражаттарынын эсеби түзүлүп, жайкы туристтик мезгилде курорттук ден соолукту чыңдоо мекемелери жана элдер көп эс алуучу жайлардын аймагында, коомдук тартипти ички иштер органдарынын кызматкерлери жана элдик кошуундун мүчөлөрү камсыздашат.

Жайкы туристтик мезгил учурунда укук тартибин жана жарандардын коопсуздугун сактоого катышкан күч-каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана алардын ишмердигин координациялоо максатында, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн базасында убактылуу ыкчам штаб түзүлүп иш-чараларды жүргүзүүдө.

Милиция кызматкерлери жарандардын арыз-дооматтары боюнча ыкчам чара көрүү жана аларга керек учурда жардам берүү үчүн күнү-түнү кызмат өтөшөт. Жайкы туристтик мезгил убагында көл жээгинде Ысык-Көл облусунун курорттук ден соолукту чыңдоо мекемелеринин жетекчилеринин сунуштарын эске алуу менен милициянын кезметтери уюштурулат.

Туристтердин коопсуздугу үчүн республиканын унаа жолдорунда, көчөлөрдө, эл көп чогулган жерлерде, андан сырткары эс алуу жайларында ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлеринин бирдиктүү постторунун дислокациясы жана кайгуулдоо каттамдары иштелип чыкты.

2021-жылдагы жайкы туристтик мезгилди өткөрүү маалында чет өлкөлүк жарандарды, конокторду балдарды эс алуучу жайларга, курортторго ташыган жалпы колдонуудагы транспорт каражаттары менен маршруттук таксилердин айдоочуларына Жол кыймылынын эрежелерин жана коомдук тартипти кынтыксыз аткаруу боюнча алдын алуу багытындагы маектешүүлөр уюштурулат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында «Кордай (Казакстан) – Бишкек, Манас аэропорту - Бишкек, Түндүк айланма жолу-Бишкек, Бишкек-Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол», «Ош-Бишкек, Ош-Чоң Алай, Ош-Баткен, Бишкек-Торугарт» унаа жолдорунда ИИМдин ЖКККББнын орнотулган көчмө посттору менен ИИОнун кызматкерлеринин кызмат өтөөлөрү ЖКККББнын кызматтык унаалары менен гана дислокацияга ылайык ишке ашырылат. Расмий делегацияларды, балдарды эс алуу жайларына ЖКККББнын кызматтык унаалары менен коштоп баруу уюштурулат.

Жайкы туристтик сезонду өткөрүү маалында «Бишкек-Нарын-Торугарт», «Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол», «Бишкек-Ош» унаа жолдорунда, «Төө Ашуу», өтмөгүндө ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын күнү-түнү иштеген посту иштеп баштайт. Андан сырткары, тез жардам кызматы, ӨКМ менен биргеликте нөөмөт уюштурулуп, укук бузуулар болгон жерлерге ыкчам барып, жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүлөт.

Мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо, өздүк курам арасында укукка каршы аракеттерге өз убагында бөгөт коюу максатында жайкы туристтик мезгилде Ысык-Көл облусттук ИИБнын кызмат жетекчилеринен жана ага офицердик курамынан офицердик патруль уюштурулат.

ИИОнун өздүк курамына күн сайын мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо, жарандар, анын ичинде чет өлкөлүктөр менен маданияттуу, сылык мамиле жасоо жөнүндө нускамалар өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий