• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ башчысы ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 26.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс менен жолугушту. ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, андан сырткары жолугушууга ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысынын орун басары Валериу Киверь, Кыргыз Республикасынын ИИМнин УКЭКБнын башчысы, милициянын полковниги Мирлан Карачалов катышкан.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кашкар Жунушалиев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси КР ИИМдин ишенимдүү, туруктуу өнөктөштөрүнүн алдыңкыларынын бири экендигин белгиледи.

“Сиздер тараптан ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндөгү көп багыттар боюнча сапаттуу, кеңешме, усулдук жана метериалдык-техникалык колдоолорду көрсөтүп жатканыңарды белгилегим келет", - деп билдирген министр.

Жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстандын ички иштер органдарын реформалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан программалар менен долбоорлордун алкагындагы кызматташуудагы актуалдуу маселелер талкууланды. Андан сырткары кылмыштуулук менен күрөшүү жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында аймактардагы ички иштер органдарынын потенциалын жогорулатууга багытталган 2019-жылга карата бир катар бирдиктүү долбоорлорду, перспективдүү программалар менен пландарды ишке ашыруу, калк менен милициянын ортосундагы мамилени жакшыртуу боюнча бирдиктүү иштерди киргизүү маселелери каралды.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Пьер фон Аркска ыраазычылыгын айтып, бирдиктүү иштердин ийгиликтүү ишке ашышына ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий