• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ башчысы кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча онлайн кеңешме өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Ички иштер министр Улан Ниязбеков коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө иштерди күчөтүү боюнча онлайн кеңешме өткөрдү.

Министрликтин маалыматына ылайык, 19-октябрь күнү президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жыйын өткөргөн.

Садыр Жапаровдун тапшырмалары менен көрсөтмөлөрүн аткаруу максатында Улан Ниязбеков коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө иштерди күчөтүү боюнча ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө онлайн кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек, жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери, ИИМдин борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын башчылары катышты.

"ИИМ башчысы коомдо резонанс жараткан кылмыштарды иликтөөгө жана бетин ачууга, кылмыш иштерин сапаттуу жана калыс иликтөөгө багытталган ыкчам-тергөө иш-чараларды, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди күчөтүп, мал уурулукка бөгөт коюу жана бул багыттарда кылмыштардын бетин ачуу, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү бардык багыттар боюнча ыкчам-иликтөөлөрдү улантуу, коомчулук менен биргеликте ыкчам алдын алуу иштерин да жүргүзүү тапшырмаларын койду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий