• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ башчысы кыргыз милициясы үчүн БУУнун тынчтык орнотуу миссияларына квотаны көбөйтүү маселесин көтөрдү

Коом 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. Кореянын Сеул шаарында өтүп жаткан Эл аралык полиция саммитинин алкагында КР ички иштер министри Улан Ниязбеков Бириккен Улуттур Уюмунун тынчтыкты камсыздоо боюнча операциялар Департаментинин полиция кеңешчиси Луис Мигелье Каррильо менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Улан Ниязбеков чет мамлекеттик кесиптештери менен тыгыз мамиле түзүү - КР Ички иштер министрлигинин артыкчылыктуу максаты болуп саналаарын маалымдады.

БУУнун өкүлү менен сүйлөшүү учурунда Улан Ниязбеков КР ИИМдин кызматкерлерине БУУнун тынчтыкты орнотуу миссияларына катышууга квоталарынын санын көбөйтүү маселесин көтөрүп, Луис Мигель Каррильо бул демилгени колдоорун билдирип, ал маселени карап чыгууга даярдыгын белгиледи.

Ошону менен бирге Ички иштер министрлигинин жетекчиси азыркы учурдагы Кыргызстандын ички иштер органдарынын жалпы системасын реформалоо жүргүзүлүп, заманбап технологияларды колдонууга чоң көңүл бурулуп жаткандыгын маалымдады. Буга байланыштуу чет мамлекеттик полициялардын бул багытта ишмердүүлүгүнүн тажрыйбасын алмашууга кызыктар экендигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Улан Ниязбеков “Интерпол” эл аралык криминалдык полициясынын Башкы катчысы Юрген Шток менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуулар жылуу жана достук маанайда өтүп, тараптар ортосунда өз ара түшүнүшүү мамиле түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий