• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ИИМ башчысы: Өлкө аймагында кырдаал туруктуу, одоно тартип бузуулар орун алган жок

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Шайлоо тилкелеринде кырдаал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, өлкө аймагында шайлоо иш-чарасы учурунда ички иштер органдарынын 11 миңден ашык кызматкери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун күчөтүлгөн тартипте камсыз кылды. Анын ичинде 2 миң 426 шайлоо участогундагы коопсуздукту 5 миң 400дөн ашык кызматкер камсыздап, жарандар арасында коомдук мыйзам бузуулардын орун алышына жол берилген жок.

"Учурдан пайдаланып коомдук коопсуздукту камсыздоого көмөк көрсөткөн жергиликтүү бийлик органдарына жана коомдук тартипти камсыздаган ички иштер органдарынын ардагерлерине, элдик кошуундарга жана кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиремин", - деди министр.

Улан Ниязбеков шайлоого байланыштуу мыйзам бузуулар боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 78 факты катталып, анын ичинде, Бишкек шаарында - 23, Ош шаарында - 6, Чүй облусунда - 11, Ысык-Көл облусунда - 3, Ош облусунда - 24, Жалал-Абад облусунда - 7, Талас облусунда - 2, Нарын жана Баткен облусунда бирден факты катталгандыгын баса белгиледи.

Катталган 78 фактынын ичинен 71и боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чечимдер кабыл алынып, 7 факты кылмыштар боюнча, 2 факты жоруктар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө. (Өндүрүштөгү кылмыштар - Бишкек шаарында - 2, Ош шаарында - 1, Ош облусунда - 2, Жалал-Абад облусунда - 2. Өндүрүштөгү жоруктар - Чүй облусунда - 1, Баткен облусунда 1).

Министр чечим кабыл алынган 71 фактынын ичинен бешөө Аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлгөндүгүн билдирди.

"Бүгүн эртең мененки саат 08.00дө добуш берүү башталгандан, кечки саат 20.00гө чейин добуш берүү аяктаганга чейинки аралыкта ички иштер органдарынын Маалыматтарды электрондук каттоо журналына жалпы 24 маалымат катталды. Анын ичинде Бишкек шаары боюнча - 9, Ош шаары боюнча - 8, Ош облусу боюнча - 1, Ысык-Көл облусу боюнча - 1, Талас облусу боюнча - 1, Баткен обулусу - 2, Нарын жана Чүй облустарында бирден факт катталды. Мындан тышкары, арыз билдирүүлөрдү өз учурунда билдире албай калган жарандар тарабынан дагы кайрылуулар болушу мүмкүн, ошондуктан ар бир кайрылуу мыйзам чегинде карала тургандыгын белгилеймин", - деди ички иштер министри Улан Ниязбеков.

Азыркы учурда өлкө аймагында коомдук саясий кырдаал туруктуу, одоно тартип бузуулар орун алган жок, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда, деди ИИМ башчысы.

Пикир

Оставить комментарий