• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ башчысы Ниязбеков коомдук тартипти сактоонун абалы боюнча маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 25.12.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин жыйналышында ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоонун абалы жана жол кырсыктарынын алдын багытында аткарылып жаткар иштер боюнча маалымат берди.

Иш-чарага министрлер кабинетинин бардык мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, мамлекеттик органдардын, КР президентинин администрациясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери катышты.

Аталган жыйында чыгып сүйлогөн ички иштер министри Улан Ниязбеков төмөндөгүлөргө токтолду: Ички иштер органдары жүктөлгөн милдеттерди так жоопкерчиликте, ак ниеттүүлүк менен аткарып жатат деп айта аламын. Эң негизгиси, коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, элдин тынч жашоосу үчүн тиешелүү шарттарды түзүүгө жетише алдык. Бир жыл ичинде болуп өткөн мамлекеттик деңгээлдеги шайлоо процесстери учурунда, Баткен облусундагы чек ара окуясында, Ош облусунун Чоң-Алай районунда чек ара абалы чыңалган учурда калктын коопсуздугу камсыздалып, коюлган тапшырмалар аткарылды.

Болуп өткөн баардык коомдук маданий жана массалык иш-чаралар убагында укук бузууларды алдын алуу, жарандардын коопсуздугун сактоо ишке ашырылды.Жүктөлгөн милдеттерди аткарууда кыйынчылыктар болбой койгон жок. Муну ачык айтып коюшум керек.Себеби, 30 жылдан бери бир нукка түшүп калган эски ыкмадан арылып, коомго кызмат кыла турган ыкчам, заманбап ишмердикти киргизүүдө кайсы бир деңгээлде өйдө-төмөн учурлар болду. Элдин коопсуздугу эле эмес, кызматкерлердин өздөрүнө шарттар түзүлбөй, тажрыйбалык сапат жогорулатылбай калган жагдайларды оңдоонун үстүндө иштедик.

Кемчиликтерди жана көйгөйлөрдү талдап, бул мезгилден ийгиликтүү өтүп, элге кызмат кылууну ишке ашыруу үчүн жаңы багытка бет алып, жыйынтыгында жакшы жетишкендиктер орун алды.Жетишкендиктерди жалпы ишмердиктеги көрсөткүчтөр менен бирге белгилеп өтсөм. Эл аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча алыскы жана жакынкы мамлекеттердин Ички иштер министрликтери, эл аралык уюмдар менен ишмердикти чыңдоону жүргүздүк.Жалпы 95 иш-чара жана жолугушуулар, чет элге иш-сапарлар жасалып, элдин коопсуздугун камсыздоого арналган 90 миллион сомдук материалдык-техникалык жардамдарды алдык.

Алынган жардамдарды багыттуу пайдаланып, элди тейлөөнү калыптандыруу үчүн Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратынан 370 штаттык бирдиктерди кыскартып жер-жердеги бөлүктөрдүн ишмердигин чыңдоого бердик. Анын натыйжасында, былтыркы жылга салыштырмалуу кылмыштардын бетин 15,7% көп ачып, сотко 26,5% көп жөнөтүүгө жетиштик.

Бирок, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, кылмыштарды тергөөдө көйгөйлөр орун алды. Мисалы, далилдер жетишсиз болсо кылмыштын бети ачылбай же башка жагдайлар менен кылмыш иштери создуктурулуп, анын кесепетинен жабырлануучулардын арыздануусу орун алып келген.Бул көрүнүшкө чекит коюу үчүн санариптик мүмкүнчүлүктү колдонуп, кылмыштар, укук бузуулар орун алышы мүмкүн болгон участокторго 230 даана видео-камераларды орнотуп ишке киргиздик (100 коомдук жайларга, 130 мал базарларга). Санарип ыкманын натыйжасында, 3 миң 500дөн ашуун кылмыштарды жасаган ар түрдүү кылмыштуу топтордогу адамдар кармалган. Андан тышкары, элге сервистик тейлөө көрсөтүп, коом менен милициянын ортосундагы ишенимди чыңдап, элдин турмуш-тиричилик көйгөйлөрүн жеринде чечүү максатында “Милициянын көчмө кабылдамасы” аталыштагы 50 унаа ишке киргизилди.

Көчмө кабылдамалар 6 миңден ашуун чыгуу жасап, 25 миңге жакын жаранга жолугуп, 7 миңге жакын кайрылууну кабыл алынып, чечүүгө көмөк көрсөтүлгөн. Үй-бүлөлүк зомбулуктарды аныктап, бөгөт коюуга карата иштер алып барылды. Былтыр 1 миң 917 факт үй-бүлөлүк зомбулук катталса, быйыл 1 миң 862 факт катталып, же 55 фактыга аз катталган. Себеби, көчмө кабылдамалар профилактика жүргүзгөндүктөн бул кылмышты акырындыктан азайтууга аракеттер көрүлдү. Азыркы учурда дагы кошумча көчмө кабылдама унааларын райондук бөлүмдөргө берүүнү пландап жатабыз.Жарандар милициядан ала турган маалымкаттарды алыш үчүн айыл жеринен облустун борборуна келип, узун сап кезекке туруусун жокко чыгаруу үчүн 38 жерге “Бирдиктүү терезе” пункттарын ачып, ишке киргиздик.Эл аралык өнөктөштөрдүн жана мамлекеттик жогорку инстанциялардын колдоосу менен ички иштер органдарына 82 даана автоунааларды таратып бердик.

Эми жол кырсыктары боюнча кыскача маалыматка токтоло кетейин.Былтыр 11 айда 5 миң 545 жол кырсыгы катталса, быйыл 6 миң 820 катталып 22,9% өскөн.Жол кырсыктарына кабылгандардын 30% айдоочулар, 70% жүргүнчүлөр болуп эсептелет.Жол кырсыктардын негизги себеби, айдоочулардын 60% ашыгы сапаттуу билим албай, күбөлүктөргө ээ болгондор деп айтсак болот. Акыркы 3 жылда жалпы келтирилген чыгымдын суммасы 12 миллиард 761 миллион сомго жеткен (жарандарга, анын ичинде мамлекетке).

Жол кырсыктарын жөнгө салуу боюнча урматтуу Садыр Нургожоевич, Сиз өз убагында маселенин актуалдуулугуна басым жасадыңыз. Анткени, буга чейин коомубузда жол кырсыктары резонанстуу талкууларды жаратып келген. Жарлыгыңызды андан ары ишке ашыруу үчүн азыркы мезгилде иш алып барып жатабыз. Жол кырсыктарына бөгөт коюу боюнча 3 багытта иш алып башталды.

Биринчи: Айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу.

Экинчи: Жол эрежесин бузууларды жөнгө салган укуктук-ченемдик актыларды ирээтке келтирүү.

Үчүнчү: Жол кырсыктарынын санын азайтып, адам өмүрүнө коркунуч келтирген баардык учурларга бөгөт коюу.

Ушулардын натыйжасында жол кырсыктарын азайтып, жол эрежесин бир тартипке келтиребиз деп ишендирип кетким келет.

Белгилей кетчү учур, катталган жол кырсыктарына катышкан айдоочуларды үчкө бөлүп карасак болот. Биринчиси - 1 жылга чейинки, экинчиси - 1 жылдан 2 жылга чейинки, үчүнчүсү 3 жылга чейинки тажрыйбасы бар айдоочулар болуп эсептелет.Буга чейин, айдоочуларды даярдаган 235 автомектепти текшерген учурда 135 автомектеп талапка ылайык келбегендиги тастыкталган (азыркы учурда 274 а/мектеп бар - жеке 209, мамлекеттик 65).

Бул көрүнүштөрдүн баары интеграцияланган жоопкерчилик бир мамлекеттик органда болбогондуктан орун алган.Ошондуктан, тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоолор бир пакет менен сунуштоого даярдап жатабыз жана жакынкы арада ишке ашырабыз деп билдирем.(Бузуулар жөнүндө кодексине, Лицензиялык уруксат берүү тутуму жөнүндө, Жол кыймылы, Автомобиль транспорту, Ички иштер органдары жөнүндө мыйзамдарга жана башка).

Азыркы тапта, “Унаа” мамлекеттик мекемесин, Жүргүнчүлөрдү ташууну көзөмөлдөө функциясын жана айдоочуларды окутуп, даярдоо лицензиясын Ички иштер министрлигине өткөрүп алуу процедурасы жүрүп жатат. Кечээ Министрлер кабинетинде кеңешмеде бул маселе каралып, “Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чараларын уюштурууну ишке ашыруу жөнүндө” токтому талкууланды.

Сиздердин колдооңуздар менен жана туура багыттагы ишмердик жүргүзүүнүн жыйынтыгында жол кырсыктарынын санын азайтып, адам өмүрүнө келтирилген коркунучтарды жок кылууга ишмердикти алып барабыз.Учурдан пайдаланып, жол кыймылынын коопсуздугун андан ары камсыздоону күчөтүү үчүн токтомдун долбоорун жана аны ишке ашырууда бизди колдоп берүүңүздөрдү суранам.Андан тышкары, жакында эле жарык көргөн “туристтик абалды жакшыртууга багытталган” Жарлыгыңызды ишке ашыруу үчүн эл менен түздөн-түз байланышып, калктын турмуш-тиричилик абалына күбө болуп, коомчулук менен аралашып жүргөн Участкалык инспекторлордун жана Туристтик-экологиялык милициянын жаңы образын ишке киргиздик.

Кечээ күнү Акылбек Жапаровдун катышуусунда жаңы кызматтарды ишке киргизип, Жаңы 2022-жылды тосууда коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоо боюнча “гарнизондук бөлүштүрүү” өткөрүлүп, талаптар коюлду.Участкалык инспекторлордун эски ишмердүүлүгүн жаңылап, Туристтик-экологиялык милициянын замандын талабына жараша новатордук багыт менен ишмердик жүргүзүүсү колго алынды.

Элдин коопсуздугун узак мезгил бою туруктуу камсыздап, тышкы жана ички коркунучтардан коргоону прогрессивдүү жаңы принциптер менен ишке ашыруу максатында “Коопсуздуктун картасын” иштеп чыгып, баардык Участкалык инспекторлорду 2 миң 435 участокко бөлдүк.Азыркы учурда, 2 миң 435 участоктун ичинен, 88 участокко кызматкерлер жетишпей жатат. Бул маселени жакынкы арада чечүүгө жетишебиз деп ойлойм.“Аймактык субьекттердин картасы”, “Административдик аймактын электрондук паспорту” деген тутумдарды иштеп чыктык.Аймактарды мүнөздөгөн негизги маалыматтар планшеттерге жалпыланып, андан ары “Түндүк” тутуму аркылуу министрликтерге, мамлекеттик органдарга жөнөтүлүп, бир калыпта иш алып барууга жакшы жол ачылат.Пландарды ишке ашыруу үчүн атайын техникалык жана башка керектөөлөргө дагы кошумча каражаттар маселеси чечилүүдө (19 миллион сом бөлүнгөн, бирок 108 миллион 584 миң сом керек).

Административдик аймактын паспортун электрондук форматка өткөрүп, кырсыктарды, окуяларды, тобокелчиликтерди алдын алуу боюнча кеңейтилген функцияны ишке киргизебиз.

Баяндамамдын башында белгилеп өткөндөй кызматкерлерге шарт түзүп, элди кабыл алууда жагымдуу абал жаратуу үчүн Ички иштер министрлигине караштуу жалпы 80ден ашуун административдик имараттарда курулуш жана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.Анын ичинде, Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынан баштап, облустук, шаардык, райондук, айылдык ички иштер бөлүктөрдө оңдоп-түзөөлөр жүргүзүлгөн. Бул иштер дагы улантылат.Тиешелүү заманбап талаптарга жооп берген 28 имарат курулду. Анын ичинде, Ош шаарына 240 батирлүү турак-жай курулуп, кызматкерлер аталган үйдө жашап жатышат. Аны менен бирге, “Милициянын аймактык пункттары” курулду. Баткен облусунун чек ара аймактарында кошумча ушундай пункттарды ачып ишке киргиздик.

Келээрки жылы дагы ушуга окшогон курулуштарды куруп, аягына чыгарууну пландап жатабыз. 1-октябрдан баштап, Ички аскерлердин кызматкерлиринин эмгек акылары 40% жогорулап, кызмат өтөгөн 1 жылы 1,5 жыл деп эсептелип, ал эми Баткен облусунда кызмат өтөгөндөрдүн 1 жылы, 2 жылга тете деп эсептеле баштады. Бул үчүн жалпы биздин кызматкерлердин атынан ыраазчылык билдирип коюуга уруксат этиңиздер.

Ички иштер министрлигинин ишмердиги ушуну менен эле токтоп калбайт, дагы алдыда аткара турган иштер көп. Анын ичинде, урматтуу Садыр Нургожоевич, Сиздин Ички иштер министрлигинин коллегиясында койгон 4 багыттагы тапшырмаларыңызды ийгиликтүү ишке ашыруу биздин негизги приоритетибиз деп белгилеп кетмекчимин.

Тапшырмаларды аткарып, Кыргыз милициясын тартип сакчысынын үлгүсү боло турган абалга жеткирип, элдин ишенимин сөзсүз жогорулатабыз деп убада берем,-деди оз сөзүн жыйынтыктап жатып ички иштер министри Улан Ниязбеков.

Пикир

Оставить комментарий