• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ башчысы Ниязбеков: Шайлоого байланыштуу мыйзам бузуулар тыкыр иликтенет

Коом 0

Бишкек, 21.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 21-декабрда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүү жана өлкөнүн аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо иштерин уюштуруу боюнча ички иштер органдарынын бир катар жетекчилерине онлайн жыйын өткөрдү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет

Маалыматка ылайык, онлайн жыйында Улан Ниязбеков ИИМ тарабынан шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча зарыл болгон чаралар көрүлүп жаткандыгын белгиледи.

Ыкчам штаб түзүлүп, иш-чаралардын комплекстүү пландары иштелип чыкты. Шайлоо тилкелеринде, калк жыш жайгашкан жерлерде, андан сырткары, уюшкан кылмыштуулуктун арасында шайлоонун алдында коомдук-саясий абал туруктуулугун сактоого багытталган мыйзамда көрсөтүлгөн комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

“Биздин алдыбызга так тапшырмалар коюлду - ар бир бузууларга тез арада чараларды көрүү. Добуштарды сатып алуу, административдик ресурстарды жана башка мыйзам бузууларды пайдаланууга жол берилбейт. Милиция мыйзамга каршы аракеттерге бөгөт коюп, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ыкчам чараларды көрүп, алдына коюлган тапшырмаларды так аткарышы керек. Мен өлкөнүн жарандары үчүн ички иштер органдарынын натыйжалуу ишинин маанилүүлүү экендигин белгилеп кетким келет. Ошондуктан, милициянын алдына коюлган шайлоо багытындагы тапшырмаларды, анын ичинен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү актуалдуу тапшырмаларды чечүү боюнча чараларды күчөтүүнү тапшырам”, - деди Улан Ниязбеков.

Ички иштер министрлиги жеке жактарды жана юридикалык жактарды шайлоо процессинин жүрүшүндө мыйзамды так сактап, шайлоо алдындагы мыйзамсыз
үгүттөө иштерине жол бербөөгө чакырат.

ИИМ добуштарды сатып алууларды аныктоо боюнча ыкчам иштерди жүргүзүүдө жана Кыргыз Республикасынын жарандарына добуштарды сатып алуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.

Иш-чараларга тартылган ИИОнун кызматкерлерине “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын талаптарына ылайык, шайлоону өткөрүү маалында мыйзамдардын талаптарын катуу аткаруу жана өздөрүнүн иштерин уюштуруу тууралуу талаптар коюлду.

Ички иштер органдарынын өздүк курамы шайлоону өткөрүү маалында укуктук тартипти камсыздоо боюнча тажрыйбага ээ жана коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо иштери менен гана элек болушат. 2 миң 420 шайлоо тилкелеринде коомдук тартип менен коопсуздукту 11 миң милиция кызматкерлери камсыздашат. Ар бир шайлоо тилкелерине милиция кызматкерлери менен жооптуу кызматкерлер бекитилген.

Ички иштер министрлигинин бөлүктөрү шайлоо бюллетендерин жана аларды даярдоо учурунда сакталуусун, шайлоо тилкелерине коопсуз жеткирилишин камсыздайт. Убактылуу кармоочу жайда кармалган жарандарды шайлоого катышуусун камсыздайт.

Жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Облустук ички иштер башкармалыгынын, башкы башкармалыктарынын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын президентин шайлоону өткөрүү маалында коомдук коопсуздукту камсыздоого толук даяр экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий