• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ башчысы Улан Ниязбеков Чуй облустук милициясынын өздүк курамы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 17.10.20. /Кабар/. 2020-жылдын 17-октябрь күнү ички иштер министри Улан Ниязбеков Чүй облусунун милициясынын өздүк курамы менен жолукту, - деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү багытындагы маселелер талкууга алынды.

"Милиция саясаттан тышкары турат. Биз эч кандай саясий кызыкчылыктарды көздөбөйбүз. Бул тартип сакчыларынын негизги милдети жана тапшырмасы. Бүгүнкү күндө укук коргоо органдарынын негизги көрсөткүчү өлкөдөгү укуктук тартиптин жана ыкчам кырдаалдын абалы жөнүндө коомдун пикири", - деп билдирген министр Ниязбеков.

Министрликтин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин башчысы Чүй ОИИББдин бөлүмдөрүнүн ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнө токтолгон. Укуктук тартип менен коопсуздук маселелерин талкуулап жатып, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди күчөтүү керектигин тапшырды.

Андан сырткары, Чүй ОИИББдин башчысына облус аймагында мыйзамдуулукту камсыз кылуу, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, коомдук тартипти сактоо багытында бир катар тапшырмаларды берди. Өзгөчө уюшкан кылмыштуулук, мал уурулук багытында иштерди күчөтүү керектигин белгиледи.

"Кызмат өтөө учурунда мыйзамдуулукту сактап, жарандарга сылык мамиле кылууга өзгөчө көңүл бургула. Калктын ички иштер органдарына болгон ишениминин деңгээли милициянын билдирүүлөргө кантип аракет көргөндүктөн жана өз убагында ыкчам жардам берүүдөн аныкталат", - деп айткан ИИМ жетекчиси.

Жыйындын соңунда Чүй ОИИББдин өздүк курамына ыраазычылык билдирип, ИИМдин жетекчилиги өздүк курамды ар талаптан колдоого жана камкордук көрүүгө ар дайым даяр экендигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий