• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ башчысы Жээнбековго Москвадагы жол кырсыгы боюнча айтып берди

Президент 0

Бишкек, 21.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-июнда өлкөнүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишмердиги жана жүргүзүлүп жаткан реформалар талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 8-февралындагы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимин өз учурунда аткаруу зарылдыгын белгилеп, ыкчам иш жүргүзүү жана иликтөө ишинин айрым багыттары боюнча кемчиликтерге көңүл бурду.

Мамлекет башчысы коррупция менен күрөш боюнча жумушту айрыкча ички иштер органдарында күчөтүү, көчө кылмыштарынын алдын алуу, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин тартибин жана жоопкерчилигин бекемдөө боюнча иштерди жандандыруу, республиканын жарандарынын жана конокторунун коомдук жайларда жана курорттук аймактарда коопсуздугун камсыздоо керектигин белгиледи.

«Республикадагы жана биздин ар бир жараныбыздын коопсуздугу — бул ички иштер органдарынын ишиндеги эң маанилүү жагдай», — деп белгиледи Президент Сороонбай Жээнбеков.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Мамлекет башчысына өзүнүн Россия Федерациясынын Москва шаарына барып, эки өлкөнүн ведомстволорунун ортосунда кызматташуунун кеңири спектри боюнча маселелерди талкуулоо үчүн Россиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев менен жолугушканын маалымдады. Министр ошону менен бирге Москва шаарында кыргызстандык таксисттин катышуусу менен болгон жол кырсыгынын айланасындагы азыркы кырдаал тууралуу айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий