• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ башчысы Жунушалиев түндө Баткенге барды

Коом 0

Бишкек, 15.03.19. /Кабар/. КР Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев түндө Баткен облусуна барды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр бүгүн эртең менен Баткен облусунун Ак-Сай айылында жыйын өткөргөн. Ага ИИМ башчысынын орун басары Мирлан Каниметов, Баткен облустук ИИБнин жеке курамы, райондук жана шаардык бөлүмдөрдүн жетекчилери жана жеке курамы катышкан.

Чогулушта министр Жунушалиев кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жана коомдук тартипти жөнгө салуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берген.

Эске сала кетсек, 13-мартта саат 15:30да Кожогар аймагында КРнын Баткен облусунун Аксай айылы менен Тажикстандын Мехнатабад айылынын жашоочулары ортосунда жаңжал чыккан. Анын себеби, Баткен облусундагы Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу болгон.

Эки мамлекеттин тургундары чогулуп, бири-бирине таш ыргытышкан.

КР Мамлекеттик чек ара кызматынын бүгүн, 15-мартта берген маалыматына ылайык, учурда чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу.

Кыргызстан менен Тажикстандын делегаттары кечээ жолугушуу өткөрүшкөн, сүйлөшүүлөр бүгүн да улантылат.

Пикир

Оставить комментарий