• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ башчысы Жунушалиев Терек-Сай айылынын кармалган жашоочуларынын туугандары менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бир катар уюштуруучулук иш-чараларды пландоонун алкагында иш сапары менен өлкөнүн түштүк аймагына барды.

Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, министр Чаткал районунун Терек-Сай айылынын кармалган жашоочуларынын туугандары менен жолуккан.

Жолугушуу Жалал-Абад облусунун ИИБнын имаратында өтүп, ага облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошов, Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев жана Терек-Сай айылынын өкмөтүнүн башчысы, кармалгандардын туугандары катышкан.

Жолугушуунун жүрүшүндө айыл өкмөтүнүн башчысы менен кармалгандардын туугандары кармалгандарга карата баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүлөрүн суранышып, кармалгандар жаштыгы жана мыйзамды билбегендеринин айынын мыйзамды бузгандарын белгилешкен.

"Кармалгандардын арасында мурда инвесторлорду колдоп, ишкерлик менен алектенишип, жергиликтүү тургундарга жумуш орундарын түзгөндөр дагы бар экендигин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кашкар Жунушалиев кармалгандардын туугандарынын кайрылууларын угуп, бардыгы мыйзамга ылайык чечилүүгө тийиш жана баш коргоо чарасы сот тарабынан чечилээрин билдирген. Ошондой эле Терек-Сай айылынын жашоочуларынын кайрылуулары мыйзамдын негизинде каралаарын белгиледи.
Эске сала кетсек, 2018-жылдын 5-ноябрында ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылынын “Эти Бакыр Терек-Сай” алтын кен иштетүүчү аймакта кызматын өтөө учурунда Чаткал районунун Терек-сай айылынын 15 жергиликтүү тургуну милиция кызматкерлерине карата күч колдонушкан. Ошол учурда өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатышкан ички иштер органдарынын кызматкерлери денелеринен ар кандай жаракаттарды алышкан.

6-ноябрь күнү аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтенген иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлерине карата күч колдонгон бардык 15 жарандын өздүгү такталып, козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалышкан.

2018-жылдын 4-декабрында Терек-сай айлынын 15 тургунуна карата сот тарабынан тергөө абагына 6 жаранга 2 айга, 9 жаранга 1 айга камакка алуу чечими чыккан.

Пикир

Оставить комментарий