• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жунушалиев ИИМдин 2018-жылдагы ишин канааттандырарлык деп баалады

Коом 0

Бишкек, 05.02.19. /Кабар/. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев ведомствонун 2018-жыдагы ишин канааттандырарлык деп баалады. Бул тууралуу ал Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди.

Журналист Жунушалиевге суроо узатып, өзүнүн ведомстводогу жумушун кантип баалай тургандыгын сурады - министр бул суроого жооп берүүдөн баш тартты.

"Мен өзүмдүн жумушума баа бере албайм. Бирок ведомствонун 2018-жылдагы ишине баа бере алам. Менин оюмча ведомство канааттандырарлык иш алып барды", - деп билдирди Жунушалиев.

Пикир

Оставить комментарий