• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ башчысынын биринчи орун басары жарадар болгон кызматкерлерден кабар алды

Коом 0

Бишкек. 11.10.20. /Кабар/. Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков ички иштер министрлигинин госпиталына барып, 4-5-октябрь күндөрү өткөн митинг учурунда жарадар болгон кызматкерлерден кабар алды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрдин биринчи орун басары жарадар болгон ар бир кызматкерлер менен сүйлөшүп, ИИМдин жетекчилиги керектүү жардам бере тургандыгын билдирди.

"Сүйүн Өмүрзаков ИИМдин бейтапканасында жаткан кызматкерлер менен жолугушуу учурунда аларга бекем ден соолук каалап, бат сакайып кетишин каалады. Ошондой эле коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча түздөн-түз кызматтык милдеттерине аткаруу үчүн тез арада сакайып, жолдошторунун катарына кошулушуна тилектеш экендигин белгиледи", - деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий