• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Абдыкаров “Манас” аэропортуна жаңы кызматка дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 08.01.19. /Кабар/. Ички иштер министринин мурунку орун басары Данияр Абдыкаров “Манас” эл аралык аэропортунун авиациялык коопсуздук жана режим дирекциясынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Ал бул кызматка 2018-жылдын декабрь айынын аягында дайындалган.

Эскерте кетсек, Данияр Абдыкаров 2018-жылдын жайында жетекчиликтин уруксаты жок өлкөдөн чыгып кеткени үчүн кызматынан алынган. ИИМдин ички эрежелери боюнча кызматкерлер жетекчиликтин уруксатын албай туруп чет өлкөгө чыга албайт.

Пикир

Оставить комментарий