• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ башчысынын орун басары Бишкек жана Чүй облустук ИИББнин курамынын шайлоого карата даярдыгын текшерди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 07.01.21. /Кабар/. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Бишкек шаардык жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыктарына барып, жетекчилик курамы менен чогулуш өткөрүп, КР президентин шайлоодо жана шайлоого чейинки үгүт иштери учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо маселелерин текшерүүгө алып, учурдун маанилүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Октябрь Урмамбетов алдыда боло турчу шайлоо учурунда Чүй облусунда жана Бишкек шаарында коомдук коопсуздукту өзгөчө жогорку денгээлде көзөмөлдөөнү, мыйзамдуулукту сактап, кызматтык тартипти бузбоону талап кылды. Ошол эле учурда кызматкерлерди шайлоо күнү жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздоо жана алардын кызмат өтөөсүнө тиешелүү шарттарды түзүп берүү зарылдыгын белгиледи.

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын милициясынын жетекчилик курамына шайлоо тилкелеринде күзөттү күчөтүү жана ар кандай тартип бузуулар боло турган болсо, өз убагында мыйзам чегинде ыкчам чараларды көрүү керектигин да белгилеп, коомдук тартиптин сакталышы боюнча кошумча тапшырмаларды белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий