• 84.45
  • 88.96
  • 1.37

Бийбосунов Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын милиция кыматкерлери менен жолукту

217 кароо Аймак 0

Бишкек, 25.09.22./Кабар/. Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Баткен облусунун Лейлек районунун Андаркен айылындагы жана Сүлүктү шаардык ички иштер органдарынын кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда милиция бөлүмдөрүндө өздүк курамы менен кошумча күчтөрдүн иш алып баруусу менен таанышып, кошумча тапшырмаларды берди. Ошондой эле алардын уюштуруучулук жана камсыздандыруу иштери менен таанышып чыкты.

Андан сырткары, Сүлүктү шаарында шаардык кеңешинин депутаттары жана эл активисттери менен жолугуулар өттү.

Өз кезегинде кызматкерлердин баары күжүрмөн экендигин, өлкө үчүн өздөрүнө белгиленген кызматтык милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарып жатышкандыгын белгилеп кетти.

Пикир

Оставить комментарий