• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ башчысынын орун басары Ош ОИИБсинин материалдык-техникалык абалы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Ош облусунун аймагындагы ички иштер бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык абалы менен таанышты. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-октябрында Урмамбетов Ош ОИИБдин начальниги Жеңишбек Абитов менен бирге Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу, Араван райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы менен жолугушуп, кызматтык форма менен камсыздалышын, милиция кызматкерлеринин сырткы келбетин, нөөмөт бөлүктөрүнүн, кызматтык бөлмөлөрдүн абалын, убактылуу кармоочу жайлардын шарттарын текшерип, кышка даярдык, материалдык-техникалык жактан камсыздалышынын абалы менен жакындан таанышты.

Андан сырткары, жетекчилерге ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тапшырмаларды берди.

"Башкы тапшырмалардын бири алдыга коюлган тапшырмаларды так аткаруу, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында жарандардын коопсуздугун камсыздоо даярдыгы эсептелерин айтты", - деп айтылат билдирүүдө.

Өздүк курам менен жолугушуу учурунда райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктерине өздүк курамды окутуу жана күжүрмөн даярдыкты жакшыртуу, андан сырткары, кызмат өтөөлөрү үчүн шарттарды түзүү, тарбия иштерин уюштуруу боюнча милдеттерин эскертти.

Ошондой эле Октябрь Урмамбетов кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту так аткарууну, ыкчам-кызматтык, тергөө иштерин жана кылмыштарды алдын алууну күчөтүү керектигин талап кылды.

"Министрдин орун басары өздүк курамга Ички иштер министрлиги тарабынан кызматкерлерге ар тараптуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик деңгээлде иш жүргүзүлүп жаткандыгы туурасында маалымат берди", - деп кошумчалашты ИИМдин басма сөз кызматынан.

Иш сапардын жүрүшүндө Кара-Суу шаарынын борбордук аянтында милициянын аймактык пунктунун жаңы имараты ишке берилип, анын ачылышына ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов катышып, ичиндеги жабдуулар менен таанышты.

Милициянын аймактык пунктунун ачылышына Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев жана Кара-Суу шаарынын мэри Адыл Лолобаев дагы катышты.

Ошондой эле Араван РИИБдин жетекчилиги тарабынан тергөөчүлөр үчүн курулуп жаткан имараттын курулушу менен таанышты. Октябрь Урмамбетовдун бүгүнкү иш сапары Чоң-Алай, Алай районунун аймагында улантылат.

Пикир

Оставить комментарий