• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ башчысынын орун басары Талас облусундагы милициянын даярдыгын текшерди

Аймак 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов 2021-жылдын 6-7-октябрь күндөрү Талас облусунда иш сапары менен болду. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Талас, Кара-Буура, Бакай-Ата, Манас райондорунун жана Талас шаарынын ички иштер бөлүмдөрүн кыдырып, уюштуруучулук иштерин, кызмат өтөөлөрүн жана алдыга коюлган кызматтык тапшырмаларды аткаруу даярдыктарын текшерип, өздүк курамды саптык кароодон өткөрдү. Ошондой эле нөөмөт бөлүктөрүнүн иши менен таанышып, иш бөлмөлөрү, убактылуу кармоочу жайдын абалын көрүп чыкты.

Ар бир райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамына билим деңгээлдерин жогорулатуу боюнча дайыма аракет керектиги, элдин милицияга ишеничин арттыруу багытында дайыма иш алып баруу зарылчылыгын белгиледи.

Иш сапарынын жүрүшүндө райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн имаратынын жана кызматтык автоунаалардын абалдары менен таанышты.

Өздүк курам менен жолугушуу учурунда Ички иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан азыркы учурда милиция кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу боюнча алгылыктуу иш аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымдады.

Аймактык бөлүктөрдүн өздүк курамы менен жолугушуу учурунда ички иштер органдары аткара турган маанилүү тапшырмаларды, анын ичинде алдыда боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди
аткарууну тапшырды. Эң башкы талаптардын бири шайлоо тилкелеринде коопсуздукту камсыздоо боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүү экендигин билдирди.

Ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктү жакшыртуу, кылмыштуулук менен күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, экстремисттик көрүнүштөрдү болтурбоо боюнча
чараларды көрүү, кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди сапаттуу уюштуруу, ыйгарылып берилген аймакта укук тартибин жана коопсуздукту камсыздоо, милициянын коомчулук менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу, мыйзамдуулукту сактоо, өздүк курамдын
кесиптик деңгээлин жогорулатуу зарылчылыгы айтылды.

Ошол эле учурда коронавирус илдетине чалдыкпоо үчүн алдын алуу иштерди уюштуруу зарылчылыгын, аны менен бирге кызматкерлер өзүн жеке коргонуу эрежелерин сакталышын талап койду.

Ошондой эле аймактык инспекторлор өздөрү тейлеген аймактарда толук кандуу калктын маселесин чечип, ыкчам түрдө укуктук же социалдык маселелерин чечүүгө чараларды көрүүгө көңүл буруп, бул багытта иш алып баруусу кылмыштуулукту алдын алуу боюнча олуттуу мааниге ээ болооруна баса белгилеп кетти.

Муну менен бирге облустук ички иштер башкармалыгынын Ички иликтөө кызматына милиция кызматкерлеринин моралдык психологиялык абалы менен таанышып, зарыл болгон учурларда жардам көрсөтүү боюнча тапшырмалар коюп, ошол эле учурда кызматкерлер тарабынан кызматтык тартип бузуу фактысы катталса катуу чара көрүлүүсүн талап койду.

Пикир

Оставить комментарий