• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМ башчысынын орун басары Жалал-Абад облустук милициясынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов иш сапары менен Жалал-Абад облусуна келди.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш сапардын негизги максаты облустагы милициянын ишмердүүлүгү жана шарттарды түзүүдөгү аткарылып жаткан иштери менен таанышуу, ошондой эле мерчемдүү тактикалык машыгууларга катышып, аларга баа берүү.

Алгач Октябрь Урмамбетов Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Ашим Тагаев менен биргеликте Ноокен РИИБдин өздүк курамы менен жолугушуп, демөөрчүлөр тарабынан берилген автоунаалар тапшырылды.

Андан соң ЖКККБ кызматкерлери үчүн салынып жаткан имаратка жана өздүк курамдын дене тарбия машыгуулары үчүн кичи футбол аянтчасына капсула салышты. Октябрь Урмамбетов милицияга колдоо көрсөтүп жаткан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, милиция коомдук тартипти жана инвесторлордун коопсуздугун тыкыр көзөмөлгө ала тургандыгын белгиледи. Ошондой эле милицияга колдоо көрсөткөндөргө ИИМдин медалдарын тапшырды.

Иш сапар Базар-Коргон районунда уланып, милициянын аймактык пунктунун (УПМ) ачылыш аземи өткөрүлдү. Ички иштер министринин орун басары кызматкерлердин эл менен тыгыз иштөөсүнө карата жасалып жаткан жумуштарды көрүп, эл ишеничин актоо жана кызмат көрсөтүү эң негизги багыттардын бири экендигин баса белгилеп өттү.

Андан кийин Жалал-Абад шаарына келип, облустук башкармалыктын, Ички аскерлердин, Шумкар АБПнын жана ШРИИБдин өздүк курамынан турган күжүрмөн отряддын тактикалык машыгууларына күбө болду. Машыгуунун жыйынтыгы менен сын-пикирин айтып, ошону менен катар кызматкерлердин иштерине ийгилик каалап, жергебизде ар дайым тынчтык жана мыйзамдуулук өкүм сүрүүсүн айтып өттү.

Иш сапар облустук башкармалык үчүн оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан имараттан улантылып, ал жердеги аткарылып жаткан оңдоо иштери менен таанышып чыкты.

Андан ары Көк-Жаңгак шаарчасын карай жол улап, Сузак РИИБдин Көк-Жаңгак шаардык милиция бөлүмчөсүнүн имаратын ачуу аземине катышып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте арча көчөттөрүн отургузушту.

Пикир

Оставить комментарий