• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Баткенде милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

Аймак 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Баткен облустук милициясынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, башка күч органдары менен бирге чек ара аймагында абалды көзөмөлдөшүүдө. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен ОИИБнын жана Согди ОИИБнын кызматкерлери чек арага чектеш Лейлек районунун Максат, Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында жана Согди облусунун Б.Расулов районуна чектеш аймакта биргелешкен кайгуул иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында, Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылдарында жергиликтүү элдердин коопсуздугун камсыздоо максатында күнү-түнү кайгуул посттору коюлуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ушуну менен эле бирге Баткен ОИИБсы боюнча ЖКККБ кызматкерлери жеринде жол кыймылынын коопсуздугун, унаалардын үзгүлтүксүз каттамын камсыздоодо.

Учурда кыргыз-тажик чектешкен аймакта абал туруктуу.

Окуя болгон жерде кечээ күндөн бери Баткен ОИИБы жетекчиси Мурат Боронов жергиликтүү ИИО кызматкерлери менен коомдук коопсуздукту камсыздоо иш-чараларын көзөмөлдөөдө.

Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Саат 21:17лерде сүйлөшүү учурунда тажикстандык чек арачылар кыргызстандык аскер кызматкерлерине ок чыгарышып, ал 30 мүнөткө созулган. Кайталанган ок атышууда УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкери жарадар болгон.

Чек ара кызматынын акыркы маалыматына таянсак, Кыргызстан менен Тажикстан күч жана каражаттарын алып кете баштады. Тараптардын сүйлөшүүсү уланууда.

Пикир

Оставить комментарий