• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Баткендин тургунунун унаасынан 3 кг гашиш табылды

Укук тартиби 0


Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Баткен облусунун тургунунун унаасынан 3 кг гашиш табылып, алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек районундагы Бешкент айылында жайгашкан “Сай” постунда “Опель-Зафирагос” үлгүсүндөгү авто унаа токтотулуп, кароого алынганда, арткы отургучунун астынан 1 баштык табылып, анын ичинде кара целлофанга оролгон 3 брикет жапайы кара куурай жыты бар өсүмдүк тектүү заттар аныкталган. Унаанын айдоочусу Баткен облусунун Э. аттуу тургуну болгон.

Соттук-химиялык экспертизанын корунтундусуна ылайык, табылган зат 2 кг 922 граммды түзүп, гашиш баңгизаты экендиги аныкталган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды
жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий