• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

“ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан жердиги Балыкчы шаарынан болгон, учурда Чүй облусунда жашаган 1981-жылы туулган Т.А. аттуу жаран “WhatsApp” мессенджери жана социалдык тармактар аркылуу 2020-жылдын 1-июлунда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында азыркы бийликти күч менен басып алууга багытталып өтө турган митингге чыгууга чакырган 9 мүнөттүк аудиоажазууну тараткандыгы аныкталган”, - деп билдирет ИИМ.

“Андан сырткары, 2020-жылдын 17-июнь күнү ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан аныкталгандай, “Чоң-Казат” тобунун катышуучусу, учурда Россиянын Москва шаарында жашап жаткан Жалал-Абад облусунун Базар-коргон районунун тургуну, 1988-жылы туулган М.Т. аттуу жаран “WhatsApp” мессенджери аркылуу “Ак үйдү өрттөп эле ташташ керек болуп калды, тетиги жүз жыйырма депутат менен чогуу” аталышындагы чакырыкты аудиожазуу түрүндө тараткан. Бул факт 17-июнь күнү ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктундагы (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) белгилер боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган”, - деп айтылат маалыматта.

ИИМден билдиришкендей, азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тиешелүү соттук-лингвистикалык экспертизалар дайындалып, жогоруда көрсөтүлгөн жарандарды кармоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Ички иштер министрлиги атайылап жалган маалыматтарды тараткандар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет. ИИМ жарандарды интернетте, “WhatsApp” мессенджеринде кандайдыр бир чагымчыл билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга жана ушуга окшош фактылар боюнча ички иштер органдарына “102” телефону аркылуу малымат берүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий