• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Бир айда “Унаа” мекемесине чет жерде жүргөн 538 жараныбыздан арыз түштү

Коом 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. “Унаа” мамлекеттик мекемеси КР Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматы менен биргеликте өлкө башчысынын тапшырмасын ишке ашырып жатканына туура бир ай болду.

Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бул аралыктын ичинде чет өлкөдө жүргөн жарандардан айдоочулук күбөлүк алуу ниетин билдирип 600гө чукул арыз түшкөн. Кайрылган жарандардын көбү Россия Федерациясынан. Башка өлкөлөрдөн кайрылган фактылар азырынча жокко эсе.

"Унаа" мекемеси Россиядан тышкары дүйнөнүн 48 өлкөсүндө айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүнүн чет өлкөдө жүргөн жарандарга эскертет.

Президенттин Жарлыгына ылайык, мигранттардын жашоосун жеңилдетүү максатында, 2022-жылдын 17-январынан тарта 49 өлкө менен келишим түзүлгөн. Ага ылайык, Кыргыз республикасынын жарандары айдоочулук күбөлүктөрүн жоготуп алса, жараксыз болуп калса же жеке маалыматтар өзгөрүлсө, күбөлүктөрдү жашап жаткан мамлекетте алмаштыруу мүмкүнчүлүктөрү пайда болгон. Бүгүнкү күндө түрдүү себептер менен миндеген мекендештер айдоочулук күбөлүгүн алмаштырууну каалап жатышат. Документти кабыл алуу жана берүү үчүн Бишкектен Москвага “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери көмөк көрсөткөнү барып келишти. Алар 10 күн жүрүп, элчиликтин кызматкерлерине иштин жол-жобосун түшүндүрүп, практикалык жактан окутуп келишти.

Чет өлкөдөгү кыргыз жарандары консулдук же дипломатиялык бөлүмдөргө барып, айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштырып алса болот. Консулдук кызматкерлер “Унаа” мекемесине бирдиктүү база аркылуу жарандардын арызын жөнөтөт. Өз кезегинде мекеме төрт күндүн ичинде маалыматтарды тастыктап, даяр материалды электрондук почта аркылуу жөнөтөт.

Белгилей кетсек, 17-январдан бери бул багытта 600гө жакын арыз кабыл алынды. Бир гана талап - келген медициналык справка башка тилден которулуп (түрк, англис тилдеринен ж.б.) келиши керек. “Унаа” мамлекеттик мекемеси менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматынын биргелешкен ишинин натыйжасында 2022-жылдын 17-январынан тартып Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери жарандардын арыздарын кабыл алууда.

Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн берүү (алмаштыруу) жөнүндө: Россия Федерациясында – 534, Украинада – 1, Беларусь Республикасында – 3, бардыгы - 538 жарандардын кайрылуусу. Бул маалыматтар бир айдын жыйынтыгы боюнча көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий