• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Бир күндө 175 кылмыш жана 137 жорук катталды

Коом 0

Бишкек, 31.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат.

КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

Республика боюнча 2020-жылдын 30-октябрында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 175 кылмыш, 137 жоруктар каттоого алынган.

Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий