• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ: Бир суткада 198 кылмыш жана 135 жорук катталды

Коом 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат, - деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

Республика боюнча 2020-жылдын 3-ноябрына карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 198 кылмыш, 135 жорук каттоого алынган.

Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик коошундар менен биргеликте коомдук тартипти сактоону камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий