• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ИИМ: Бир суткада 199 кылмыш жана 137 жорук катталды

Коом 0

Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Республика боюнча 2020-жылдын 19-ноябрынан 20-ноябрына чейин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 199 кылмыш, 137 жоруктар каттоого алынган.

Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ички иштер органдары тарабынан кылмыштарды аныктоо, бетин ачуу жана бөгөт коюу боюнча иштер уланууда.

Республика аймагында укук бузууларды алдын алуу жана кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий