• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Бир суткада 203 кылмыш жана 119 жорук катталды

Коом 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, республика боюнча 2020-жылдын 10-ноябрына карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 203 кылмыш, 119 жорук каттоого алынган.

Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ички иштер органдары тарабынан кылмыштарды аныктоо, бетин ачуу жана бөгөт коюу боюнча иштер уланууда.

Республика аймагында укук бузууларды алдын алуу жана кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий