• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

ИИМ: Бир суткада 228 кылмыш жана 150 жорук катталды

Коом 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат, - деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Республика боюнча 2020-жылдын 19-октябрына карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 228 кылмыш, 150 жорук катталган.

Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик коошундар менен биргеликте коомдук тартипти сактоону камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий