• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Бир жумада 2 миңге чукул кылмыш жана окуя катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 6-март /Кабар/. Кыргызстанда өткөн жумада 2 миңдин тегерегиндеги кылмыш жана окуя катталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, 27-февралдан 5-мартка чейин ИИМдин ыкчам жооп кайтаруу борборунун ыкчам маалыматына ылайык, республика боюнча КР Ички иштер органдары тарабынан 1 миң 988 кылмыш жана окуя катталган, анын ичинен 1 миң 612 си такталган. Кылмыш изилдөө линиясы боюнча катталган 563 кылмыштын ичинен 326сы ачылды, анын ичинен изи сууй электе ачылганы – 108. Мындан тышкары, мурда жасалган 209 кылмыштын бети ачылды.

Ошентип, өткөн жумада 1 адам өлтүрүү, 10 тоноо, 8 зордуктоо, 25 алдамчылык, 46 уурдоо, 9 мал уурулук, 2 унааны айдай качуу кылмыштары ачыкталган. Банги затын мыйзамсыз айландыруу линиясы боюнча милиция кызматкерлери тарабынан 6 кг 480 грамм банги зат алынган, анын ичинен 3 кг 190 граммы героин.

Пикир

Оставить комментарий