• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ИИМ: Бир жумада 2000ден ашык кылмыш жана окуя катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10-апрель /Кабар/. Ички иштер органдары тарабынан кылмыш жана окуя тууралуу түшкөн бардык билдирүүлөргө ыкчам чара көрүү камсыздалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сз кызматы билдирди.

Өткөн жумада 3-апрелден 9-апрелге чейин ИИМдин ыкчам чара көрүү борборунун ыкчам маалыматы боюнча, республика боюнча КРнын Ички иштер органдары тарабынан 2013 кылмыш жана окуя катталган, анын ичинен 1621и жеринде катталган. Кылмыш изилдөө линиясы боюнча катталгандар 533 кылмыштын ичинен 320сынын бети ачылды, анын ичинен изи сууй электе кармалганы – 95. Мындан тышкары, мурда жасалган 96 кылмыш ачыкталды.

Ошентип, өткөн жумада 1 адам өлтүрүү, 5 карактоо, 3 тоноочулук, 2 денеге оор залал келтирүү, 16 зордуктоо, 217 алдамчылык, 73 уурдоо, 3 мал уурдоо, 1 унаа уурдай качуу фактысынын бети ачылды. Беңги затты мыйзамсыз айландыруу линиясы боюнча 3 кг 349 грамм баңги заты алынды.

Пикир

Оставить комментарий