• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Бишкек мэринин кеңешчиси Алмамбетова Тергөө кызматына суракка чакырылган эмес

Коом 0

Бишкек, 27.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин коомдук иштер боюнча кеңешчиси Гуля Алмамбетова Тергөө кызматына суракка чакырылган эмес жана ал боюнча билдирүүлөр чындыкка дал келбейт, - деп билдирет КР Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, интернетте Гуля Алмамбетова өткөрмө кагаздарын берүү маселелери боюнча ИИМге чакырылганы жөнүндө маалыматтар тарап жатат.

КР ИИМдин Тергөө кызматы өзгөчө абал учурунда Бишкек шаарынын комендатурасы тарабынан өткөрмө кагаздары берилген фактылар боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш боюнча иликтөө, тактоо багытында ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

"2020-жылдын 29-апрелинде жогорудагы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын мэриясына өткөрмө кагаздарынын берилиши боюнча аларда болгон маалыматтарды ИИМге берүү боюнча атайын кат жиберилген. Сотко чейинки өндүрүш учурунда Г.Алмамбетова сотко чейинки өндүрүштүн күбөсү же башка катышуучусу болуп эсептелбейт. Ушуга байланыштуу Бишкек шаарынын мэринин коомдук иштер боюнча кеңешчиси Г.Алмамбетова ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылган эмес жана анын бул боюнча билдирүүлөр чындыкка дал келбейт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий