• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

ИИМ: Бишкек шаарынын аймагы толугу менен көзөмөлдө

Коом 0

Бишкек, 15.10.20./Кабар/. Бишкек шаарынын аймагы толугу менен көзөмөлдө, - деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, жакында өзгөчө абал режими менен коменданттык саат киргизилген Бишкек шаарынын аймагындагы коомдук коопсуздук Бишкек шаарынын комендатурасынын, күч түзүмдөрүнүн жана ыктыярдуу элдик кошуундардын толук көзөмөлүндө турат.

"Милиция кызматкерлери, аскерлер ыктыярдуу элдик кошуундар менен бирге борбор калаанын коопсуздугун сактоону камсыздоо максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Учурда коомдук коопсуздукту сактоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Кызматкерлер коменданттык сааттын кириши менен кечки саат 22.00дөн 05.00гө чейин күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Бишкек шаардык комендатурасы эч кандай тартип бузууларга жол бербейт. Коомдук коопсуздукту бузуу үчүн чагымчылдыкка аракет кылгандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык катуу чаралар көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

ИИМден кошумчалашкандай, Бишкек шаарынын аймагында коопсуздук көзөмөлдө болгондуктан кооптонууга жана тынчсызданууга эч себептер жок. Учурда Бишкек шаары боюнча абал туруктуу. Эгерде кандайдыр бир мыйзамсыз иш-аракеттерге дуушар болсоңуздар, анда 102 кызматына кайрылсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий