• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Бишкек шаарынын тургуну жарым килограмм баңгизат менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.04.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын тургунунан жарым килограммдан ашык баңгизат менен колго түштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүү учурунда “Худой” лакап аты бар бангизатка көз каранды адам борбордогу темир жол мекемелеринде гашиш жана синтетикалык баңгизаттарын таркатып жаткандыгы тууралуу маалымат алышкан.

Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 268-беренесинин 1-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. 2021-жылдын 9-апрелинде ыкчам кызматкерлер тарабынан атайын иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада шектүүнүн өздүгү аныкталган.

Ал 41 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну П.К. болгон. Ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткан учурда, ал адам “Бишкек-2” темир жол станциясынын имаратынын жанында болуп, милиция кызматкерлери менен сүйлөшүүдө өзүн шектүү алып жүргөн. Ушул себептен, анын жеке буюмдарын текшерүү чечими кабыл алынып, анын жүрүшүндө баштыкка оролгон жапайы кара
куурайдай өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү зат табылган.
Көзөмөлдөөчү таразага тартуу учурунда, алынган заттын алдын ала салмагы 550 грамм экендиги аныкталды.

Андан кийин, ИИМдин Оперативдик-криминалисттик борбору тарабынан изилдөө жүргүзүлүп, жогоруда көрсөтүлгөн баңгизат кара куурай чайыры (гашиш) экендиги аныкталды. Изилдөө учурунда заттын таңгаксыз салмагы 530 граммды түзгөн.

Мындан тышкары, КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык наркологиялык борборунда жаран П.К.ны тестирлөө учурунда экспертизанын корутундусуна ылайык, ал баңгизат чеккендиги аныкталган.

Кыргыз Респубикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 98, 99-беренелерине ылайык, кылмышка шектүү катары П.К. ИИМдин темир жол станциясындагы Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кармалган жарандын күнөөсүн толугу менен ашкерелөөгө жана бул кылмыштын жасалышына тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий